super.kg logo
  Спорт  

Дүйнө чемпиондугунда балбан Раззак Бейшекеев жарым финалга чыкты (видео)

 

Хорватияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда балбан Раззак Бейшекеев жарым финалга чыкты. Кыргыз балбаны чейрек финалдагы беттешинде хорватиялык Доминик Этлингерди 10:0 эсебинде жеңип алды.

Ал грек-рим күрөшү боюнча 67 килограммдык салмак ченинде күч сынашууда.

Кыргыз балбаны алгач япониялык Кётаро Согабенини жеңип, 1/8 финалда кытайлык балбанды 4:1 эсебинде утту.

Бейшекеев жарым финалды азербайжандык Хасрат Жафаров менен өткөрөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:45те башталат.






Дүйнө чемпиондугунда балбан Раззак Бейшекеев жарым финалга чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: