super.kg logo

Кыргызстанда мугалимдер эми эки предметтен окутса болот

 

Кыргызстандагы мугалимдер эки предметти бир учурда окутууга болот. Бул тууралуу Илим министрлигинин өкүлү Хадича Шамбеталиева "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

"Буга чейин ЖРТдагы балл негизги критерий болсо, эми сапатка көңүл бурулуп жатат. Педагогикалык адистиктер үчүн ЖРТнын босого баллы жогорулатылды. Эми бир мугалим химия менен биологияны же физика менен математиканы бирге окутса болот", - деди ал.

Ошондой эле ал мугалимдик кесиптин кадыр-баркы өсүп жатканын белгиледи. Айрыкча айыл жерлеринде мугалим болууну каалагандардын саны көбөйгөн.

"Көптөгөн жаштар пенсия курагындагы мугалимдердин кетишин күтүп турушат. Мугалимдердин жетишсиздиги негизинен Бишкек шаарында сезилүүдө. Ал эми айыл жерлеринде мугалим болууга кызыккандардын кезеги көп. Ошондой эле биз мамлекеттик бюджеттик негизде окуган студенттерди да мектептерге тартуудабыз. Алар окуусун бүткөндөн кийин мамлекеттик мектептерде милдеттүү түрдө иштеп бериши керек. Эгерде иштебей коюшса, мамлекетке төлөп берген окуу акысын кайра кайтарып берүүгө милдеттүү болушат", - деп кошумчалады Шамбеталиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: