Новосибирсктеги мектептердин биринин бир тарабы урап калды (видео)
Орусиянын Новосибирск облусунун Татарск шаарында №5 мектептин бир жак тарабы урап калды. Бул тууралуу аймактык ӨКМ кабарлаганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Имарат кулаганда мектепте адамдар болгон эмес, андыктан жабыркагандар жок. Бирок эртең, 22-сентябрда окуу башталмак.
Басылмалар өз булактарына таянып, кулаган мектепте акыркы жолу ремонт иштери сегиз жыл мурун жасалганын кабарлады. Бирок ал иштер имараттын башка имаратында жүргүзүлгөн.
Тергөө комитети кылмыш иши козголгонун билдирди, бирок кайсы берененин негизинде экенин тактаган жок.
Новосибирскте мектептердин биринин бир тарабы урап калды
Новосибирскте мектептердин биринин бир тарабы урап калды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:56
2025-09-28
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.