Асан Жанышов грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медаль утту (видео)
Кыргыз балбаны Асан Жанышов Хорватияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда коло медаль утту. Ал грек-рим күрөшү боюнча 87 килограмм салмак ченинде күч сынашты.
Жанышов алгач Түркиянын өкүлүн, андан кийин Азербайжандык балбанды жеңип, бирок чейрек финалда Иран спортчуcуна утулуп калган. Ирандык балбан финалга чыккандыктан, кыргызстандык балбанга жубатуучу беттештерге катышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Жубатуучу беттеште ал Германиялык балбанды жеңди. Андан соң үчүнчү орун үчүн Дүйнө жана Европа чемпиону болгон венгриялык Давид Лошонци менен кез келип, 4:2 эсебинде жеңишти жулуп алды.
Ошентип Жанышов Загребде өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курамасына алгачкы медалды алып келди.
Асан Жанышов грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медаль утту
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:35
2025-09-25
17:46
2025-09-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.