super.kg logo

Бишкектеги мектептерди мугалимдер менен беш ЖОЖ камсыз кылат  

 
Бишкек шаарында Бишкек мэриясынын Билим берүү департаменти менен бир катар жогорку окуу жайлардын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, вице-мэр Виктория Мозгачева, Бишкек шаарынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева жана жогорку окуу жайлардын ректорлору катышты.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, макулдашуу педагогикалык кадрларды даярдаган төмөнкү жогорку окуу жайлар менен түзүлдү: Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы, Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, академик Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети жана Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институту.
Документтин негизги максаты - борбор калаанын мектептерин кадрдык потенциал менен бекемдөө, мугалимдерди даярдоонун сапатын жогорулатуу жана жаш адистерди колдоо болуп саналат.
Кызматташуунун негизги багыттары катары дуалдык билим берүү методу аркылуу Бишкек шаарындагы мектептер үчүн педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо, студенттердин педагогикалык практикасын жана стажировкаларын уюштуруу, бүтүрүүчүлөрдүн борбор калаанын мектептерине ишке орношуусуна көмөктөшүү;, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча программаларды биргелешип иштеп чыгуу жана педагогикалык адистиктерге максаттуу буйрутма берүү жана мектептерди кадрлар менен камсыздоо боюнча координациялык кеңеш түзүү эсептелди.
ЖОЖдор, Агартуу министрлиги жана Бишкек шаарынын Билим берүү департаменти жыл сайын жыйынтыктарды мониторингден өткөрүп, аналитикалык маалыматтарды алмашып, заманбап стандарттарга жана санариптик технологияларга ылайык педагогдорду даярдоо программаларын өркүндөтүү боюнча макулдашышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: