super.kg logo

Канада, Австралия жана Улуу Британия Палестинаны мамлекет катары таанышат

 

Канада, Австралия жана Улуу Британия Палестинаны мамлекет катары таануу жөнүндө билдирүү жасашып, аталган өлкөлөрдүн премьер-министрлери бул тууралуу өздөрүнүн социалдык тармактарында жарыялашты.

Euronews маалымдагандай, быйыл жайында Батыш өлкөлөрүнөн Франция, Улуу Британия, Португалия, Канада, Австралия, Бельгия БУУнун Башкы ассамблеясынын жылдык жыйынында Палестина мамлекетин тааный турганын билдиришкен. АКШ бул кадамга каршы экенин айткан.

Le Monde гезити Франция президентинин кеңешчисине шилтеме берип, бул жыйында Палестинаны таануу чечимин кабыл алган 10 өлкө, тагыраагы Франция, Андорра, Австралия, Бельгия, Канада, Люксембург, Португалия, Мальта, Улуу Британия жана Сан-Марино расмий билдирүү жасай турганын кабарлаган.

Канаданын премьер-министри Марк Карни жекшемби күнү Палестинаны таануу чечимин жарыялап: "Бул кадам Палестина администрациясынын жетекчилигиндеги мамлекеттүүлүктү таануу аркылуу тынчтыкты жактаган тараптардын позициясын бекемдейт жана ХАМАСтын аракеттерин колдобойт. Израилдин мамлекеттүүлүгү жана коопсуздугу боюнча Канаданын позициясы өзгөрбөйт. Бирок Израилдин азыркы өкмөтү Палестина мамлекетинин түзүлүшүнө каршы иш алып барууда, бул эл аралык укуктарга каршы келет",- деди.

Австралия да Палестинаны эгемен мамлекет катары тааныды. Бул чечим премьер-министр Энтони Албанезе жана тышкы иштер министри Пенни Вонг тарабынан жарыяланды.

Португалия да Палестинаны расмий тааный турганын жарыялады. Бул тууралуу Паулу Ранжел дүйшөмбү күнү Нью-Йоркто өтө турган БУУнун жогорку деңгээлдеги конференциясында билдирмекчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: