Ким Чен Ын эки Кореянын биригүү мүмкүнчүлүгү тууралуу айтты
Түндүк Кореянын жетекчиси Ким Чен Ын өлкөсү менен Түштүк Кореяны бириктирүү мүмкүн эмес экенин билдирди. Анын айтымында, бул эки өлкө бири-бирине душман болуп эсептелет.
Ким Чен Ын Түштүк Кореяны "бардык тармактарда АКШнын таасиринде болуп, жарым-жартылай көз каранды мамлекет" деп сыпаттады. Ал Түштүк Корея толугу менен сырттан башкарылган өлкө экенин белгиледи.
Ошондой эле коңшу мамлекеттин жетекчилиги алмашса да, анын Түштүк Кореяга болгон душмандыгы өзгөрбөй турганын кошумчалады.
"Тарыхта ушунчалык душман болгон мамлекеттердин бириккен учуру барбы?",- деди Ким Чен Ын.
Түндүк Кореянын башчысы эки Кореянын биригүүсүнүн мүмкүн эместиги мыйзам менен бекемделерин айтты.
Ошондой эле Ким Чен Ын ядролук куралдан баш тартпай турганын белгилеп, ядролук куралдан баш тартууга чакырыктар өлкөнүн конституциялык түзүмүнө кол салуу менен барабар экенин билдирди.
