super.kg logo

WP: АКШ аутизмди парацетамол дарысын колдонуу менен байланыштырууда

 

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы бүгүн, 22-сентябрда парацетамолду кош бойлуу аялдар колдонгондо, алардын төрөлө турган балдарында аутизм пайда болушу мүмкүн экенин билдиришет. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы кабарлады.

Ошондой эле аутизмди дарылоого багытталган потенциалдуу дарыны илгерилетүү боюнча акция баштала турганы айтылды

Бул демилгелерди буга чейин Трамп жарыялаган. "Мен өлкөнүн тарыхында эң маанилүү медициналык билдирүүнү жасайм. Биз аутизм маселесинин чечимин таптык деп ойлойм",- деп билдирүү жасады Трамп активист Чарли Кирк үчүн уюштурулган аза күтүү иш-чарасында.

Белгилүү болгондой, 22-сентябрда Улуттук саламаттык сактоо институту да аутизм тууралуу маалыматтарды талдоо боюнча жаңы демилгенин башталарын жарыялайт. Бул программа аутизмдин себептерин изилдөөгө жана эффективдүү дарылоону табууга багытталган 13 изилдөө грантын бөлүп берүү боюнча ишти камтыйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: