Италияда өтө турган туризм көргөзмөсүнөн Израил четтетилди
Италиянын Римини шаарында 8-10-октябрда өтө турган TTG Travel Experience туризм көргөзмөсүндө Израилге павильон ачууга уруксат берилбейт. Көргөзмөнү уюштурган Italian Exhibition Group мындай чечимди Римининин мэри Жамил Садеголваад менен Эмилия-Романиянын аймактык башкармалыгынын башчысы Микеле де Паскаледен келген каттардын негизинде кабыл алган.
Жергиликтүү жетекчилер Израилдин Газа секторундагы чабуулдарына байланыштуу анын көргөзмөгө катышуусун "этикалык жактан туура эмес" деп аташкан. Садеголваад катында "согуш жана террор жүргөн жерлерди туристтик багыт катары сунуштоо моралдык жактан кабыл алгыс" деп жазган.
Италиянын туризм министри Даниэла Сантанке бул чечимге таң калуусун билдирсе, демократиялык партия лидери Элли Шляйн жергиликтүү бийлик өкмөт али жасай элек кадамды жасап жатканын белгилеп, Израил өкмөтүн Батыш жээк жана Газадагы согуш кылмыштарын токтотууга чакырды.
