super.kg logo

102 жашында Фудзи тоосун багындырган япониялык узак жашоонун сыры менен бөлүштү

 

Япониянын Маэбаси шаарынын тургуну, 102 жаштагы Кокичи Акузава Фудзи тоосунун чокусуна көтөрүлүп, дүйнөлүк рекорд орнотту. Ал узак жашоонун сыры тоолорду сүйүүдө экенин айтып берди. Бул тууралуу Metro басылмасына маек берип жатып билдирди.

5-августта ал 3776 метр бийиктиктеги Фудзи тоосуна 70 жаштагы кызы, небереси, анын күйөөсү жана альпинист достору менен бирге чыкты. Бул үчүн ал үч ай бою машыгып, ар жумада чакан тоолорго чыгып, күн сайын эртең менен жөө басып турган.

Бул Акузаванын экинчи рекорду, ал биринчи жолу Фудзи тоосуна 96 жашында чыккан эң улуу адам болгон.

"Жарым жолго жеткенде баш тарткым келген учурлар болгон, бирок досторум колдоо көрсөтүштү. Тоолордун ушунчалык күчтүү болорун ойлогон эмесмин",- деди ал.

Жаңы рекорддон кийин Акузава Фудзи тоосуна кайрадан чыгууну каалабайт. Азыр ал карылар үйүндө волонтёр болуп иштейт жана сүрөт тартат.

"Эмне үчүн 100 жаштан ашык жашап жатканымды билбейм. Мен жөн гана тоолорду жакшы көрөм. Бул ден соолукка пайдалуу жана кубаныч тартуулайт",- деди ал.

Эске салсак, Японияда узак жашаган адамдардын саны 99 763кө жетет, бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет. Япония мындай рекордду 55 жылдан бери сактап келүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: