super.kg logo

Нетаньяху: "Палестина мамлекетин түзүү Израилдин коопсуздугуна коркунуч туудурат"

 

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Палестинаны мамлекет катары таануу Израилдин жашоосу үчүн коркунуч жаратып жатканын билдирди. Бул тууралуу The Times of Israel басылмасы жазып чыкты.

"Бизге каршы айтылган жалган пропагандага жана Палестина мамлекетин түзүү тууралуу чакырыктарга каршы БУУда жана бардык башка эл аралык аянтчаларда күрөшүү керек. Анткени бул биздин жашообузга коркунуч жаратып жатат",- деди Нетаньяху.

Ал кошумчалагандай, Израил эл аралык коомчулукка жакынкы күндөрү жооп кайтарат. Ошондой эле Нетаньяху АКШ президенти Дональд Трамп менен Палестина маселесин талкуулоону пландап жатканын белгилеген.

"7-октябрдагы коркунучтуу кыргындан кийин Палестинаны тааный турган лидерлерге менин так билдирүүм бар. Бул ишке ашпайт. Палестина мамлекетин түзүүгө жол берилбейт",- деп жазган Израил премьер-министринин кеңсесинин кеңешчиси Дмитрий Гендельман Telegram-каналында.

Мунун алдында Улуу Британия, Канада, Австралия жана Португалия Палестинаны мамлекет катары таануу жөнүндө билдирүү жасашкан. Жакынкы күндөрү Франция да ушундай чечим кабыл алары күтүлүүдө. Учурда БУУга мүчө 193 мамлекеттин ичинен 147си Палестинанын эгемендүүлүгүн тааныды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: