super.kg logo

Садыр Жапаров АКШга иш сапары менен барат

 

Президент Садыр Жапаров 22-25-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-мааракелик сессиясына катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

"Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт.

Мамлекет башчысы ошондой эле БУУнун Коопсуздук кеңешинин "Жасалма интеллект: эл аралык коопсуздук жана тынчтык" темасындагы ачык дебаттарына жана Климаттын өзгөрүшү боюнча жогорку деңгээлдеги атайын иш-чарага катышат.

Мындан тышкары, БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында президенттин БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Америка, Европа, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн мамлекеттеринин жана делегацияларынын башчылары менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган",- деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: