21-сентябрда Бишкекте “Snow Leopard Run 2025” аттуу жыл сайын өтүүчү кайрымдуулук марафону өттү. Ак илбирсти коргоого арналган мындай иш-чараны "Nomad Sport" коомдук бирикмеси быйыл катары менен алтынчы жыл уюштурду.
Эң алгач 2019-жылы өткөрүлгөн аталган жарым марафон бул ирет жаңы деңгээлге чыгып, биринчи жолу (42,2 чакырым) толук марафон статусуна ээ болду. Уюштуруучулар AIMS эл аралык сертификатын алып, иш-чараны дүйнөлүк марафон календарына кошушту.
Марафондун негизги максаты - Кыргызстандын сыймыгы болгон ак илбирсти жана анын жашоо чөйрөсүн коргоо. 2024-жылы чогулган каражатка (1,1 миллион сом) токойчуларга атайын формалар сатылып алынган. Быйылкы марафондо чогулган каражат жапайы жаныбарларды көзөмөлдөө үчүн жабдууларга жумшалат (дүрбү, техника).
Иш-чарага быйыл 5 миңге жакын киши катышты. Анын 500ү - 3төн 13 жашка чейинки балдар. Марафондо жаш курак чектелбейт. Катышуучулар 5, 14, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкта чуркашат. Балдар үчүн кыска “Kid’s Run” жарышы да бар. Маршрут шаардын негизги көчөлөрү аркылуу өттү: Чүй проспекти, Абдрахманов көчөсү, ВДНХ аймагы жана Чыңгыз Айтматов проспекти.
Уникалдуу өзгөчөлүгү анын эл аралык масштабы болду: Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Германия, Улуу Британия, АКШ, Түркия жана башка 24 өлкөнүн спортчулары жана ышкыбоздору катышты. Жалпысынан 672 эл аралык спортчу, Кыргызстандын аймактарынан 1245 катышуучу жана борбор калаанын 2865 тургуну катышты.
Катышуучулар үчүн фото зоналар, фуд-корттор жана байге лотереясы уюштурулган. Бардык жеңүүчүлөргө эстелик медалдар, демөөрчүлөр тарабынан сыйлыктар тапшырылды.
“Snow Leopard Run” – бул спорттук гана эмес, кайрымдуулук иш-чара болуп саналат. Марафондун катышуучуларынан түшкөн каражат ар кандай долбоорлорго жумшалат.
Бул иш-чара — спорт аркылуу жаратылышты сүйүүгө чакырык.