super.kg logo

Гималай тоолорунда уюштурулган фейерверктер интернетте кызуу талкууланууда (видео)

 

Кытайдагы Гималай тоолорунда 19-сентябрда Arc’teryx кийим бренди менен сүрөтчү Цай Гоцяна биргеликте фейерверк шоусун уюштурушту. Бул иш-чара коомчулуктун катуу сын-пикирин жаратып, социалдык тармактарда талкуу жаратууда.

Chinadaily маалыматы боюнча, уюштуруучулар Шигадзе шаарынын Гьялзе аймагында, деңиз деңгээлинен болжол менен 5500 метр бийиктикте үч фейерверк уюштурган. Бул шоу “Учкан ажыдаар” аттуу арт-проекттин бир бөлүгү болгон. Шоунун видеосу 20-сентябрда интернетте тарап, колдонуучулардын нааразычылыгын жараткан. Колдонуучулар тоолуу аймактын экологиясына зыян келтирилгенин жана жергиликтүү маданиятка урмат-сый көрсөтүлбөй жатканын айтышкан.

Уюштуруучулар сынга жооп катары катуу көзөмөл алдында фейерверктер атылганын, экологиялык таза материалдар колдонулуп, чыгарылган газдар жаратылышты коргоо стандарттарына жооп бергенин айтышты. Ошондой эле расмий түрдө кечирим сурашты.

Шигадзе жергиликтүү бийлиги 21-сентябрда окуяны иликтөө үчүн атайын топ түзүп, мыйзам чегинде маселени чече турганын жарыялады.






Гималай тоолорунда уюштурулган фейерверктер интернетте кызуу талкууланууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: