Трамп менен Эрдоган Украинадагы кырдаалды талкуулашат
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жолугушуу учурунда Украинадагы жаңжал маселесин талкуулашат, бирок азырынча так сунуштар же демилгелер жөнүндө маалымат жок. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
"Украина маселеси сөзсүз түрдө көтөрүлөт, бирок бул багытта азырынча так демилгелер тууралуу маалымат жок",- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин түркиялык саясат таануучу Энгин Озер Эрдоган жолугушуу маалында Украина үчүн коопсуздук кепилдиктери жана мамлекет башчыларынын жолугушуусун өткөрүү боюнча жаңы сунуштарды бере турганын билдирген.
Ошондой эле Озердин айтымында, бул жолугушууда АКШ президенти Трамп, Орусия президенти Владимир Путин жана Украина президенти Владимир Зеленскийдин үч тараптуу сүйлөшүүсүн уюштуруу маселеси да талкууланышы мүмкүн.
Трамп 19-сентябрда Эрдоган менен жакын арада жолугарын билдирип, аны менен жакшы мамиледе экенин баса белгилеген.
