super.kg logo

Чектөөлөргө карабай WhatsApp Орусияда эң популярдуу бойдон калды

 

Meta компаниясына таандык WhatsApp мессенжери үн чалууларга чектөө киргизилгенине карабастан Орусияда аудиториясы эң кең тиркеме болуп калууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Буга чейин Байланыш, маалыматтык технологиялар жана массалык коммуникациялар жаатындагы көзөмөл боюнча федералдык кызматы (Роскомнадзор) WhatsApp жана Telegram аркылуу жасалган алдамчылык, мажбурлоо, диверсиялык жана террористтик аракеттер көбөйгөнүн белгилеп, үн чалууларды чектегенин билдирген. Бирок мессенжерлердин тексттик жазышуулары жана каналдары жеткиликтүү бойдон калууда. WhatsApp болсо жашыруун шифрлөөнү (end-to-end) сактап, 100 миллиондон ашык колдонуучуга коопсуз байланыш берүүнү улантарын жарыялады.

Mediascope маалыматтарына ылайык, 2025-жылдын августунда WhatsApp’тын айлык аудиториясы 97 миллион адамга жетип, лидерлигин сактап калды. Андан кийин VK жана Telegram турат. Орточо күнүмдүк аудитория боюнча да WhatsApp 82,1 миллион менен биринчи орунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: