2 саат гана колдонууга болот... Жапонияда Тояоке шаарында телефон колдонуу чектелди
Жапониянын Айчи префектурасындагы Тояоке муниципалитети шаар тургундары үчүн санариптик түзмөктөрдү, анын ичинде смартфон жана видео оюндарды, күнүмдүк эки саатка чейин колдонууну сунуштаган жаңы жобону кабыл алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Муниципалитеттин мэри Коки Масафуминин айтымында, чектөө мектеп жана жумуштан кийинки убакытка тиешелүү.
Жободо 18 жашка чейинки балдар үчүн жетиштүү уктоо физикалык жана менталдык өнүгүү үчүн маанилүү экени белгиленген. Ал эми башталгыч класстын окуучуларына кечки саат 21:00дөн кийин, орто мектеп жашындагы жана андан чоңдорго саат 22:00дөн кийин смартфон колдонбоо сунушталат.
Шаар бийлиги ата-энелерге үйдө түзмөктөрдү колдонууга байланыштуу эрежелерди орнотууну жана консультациялык кызмат алууну сунуштайт. 1-октябрдан күчүнө кирчү жобо боюнча сунуштарды аткарбагандар үчүн жазалоо каралган эмес.
Бул долбоор Жапонияда технологиялык түзмөктөрдү ашыкча колдонуу менен байланышкан, уйку жана үй-бүлөлүк жашоого терс таасирлерге көңүл бурган алгачкы практика болуп эсептелет.
