super.kg logo
  Саясат  

Жапаров АКШ президентинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү менен жолугушту

 

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында Америка Кошмо Штаттарынын президентинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Серджио Гор менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Анда экономикалык өз ара аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамилелерди чыңдоо маселелери талкууланды. Мындан тышкары, миграциялык процесстерди көзөмөлдөө маселелери каралды.

Президенттик администрация билдиргендей, тараптар аталган багытта конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө өз ара кызыкдарлыктарын баса белгилешти.

Жапаров Кыргызстан АКШнын президенти Доналд Трамптын администрациясы менен активдүү кызматташууга жана региондо туруктуу өнүгүүнү жана стабилдүүлүктү камсыздоого багытталган биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө даяр экенин белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги саясий диалогду улантууну макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: