Энрике, Ямаль, Дембеле... "Алтын топ" сыйлыгынын ээлери белгилүү болду
Франциянын "Пари Сен-Жермен" клубунун чабуулчусу Усман Дембеле акыркы 24 жыл ичинде өз өлкөсүнүн улуттук командасын эл аралык деңгээлде татыктуу көрсөтүп, ошол эле мамлекеттин клубунда ойноо менен "Алтын топ" сыйлыгын алган биринчи футболчу болду. Бул тууралуу The Athletic басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, буга чейин мындай жетишкендикке 2001-жылы англиялык чабуулчу Майкл Оуэн жетишкен. Ал анда "Ливерпуль" клубунда ойночу.
28 жаштагы француз чабуулчусу Дембеле бул сыйлыкка өзүнүн карьерасында биринчи жолу көрсөтүлдү. Өткөн сезондо ал "Пари Сен-Жермен" клубу менен бирге Франциянын чемпиондугун, Кубогун жана Суперкубогун, ошондой эле Чемпиондор Лигасын утуп алган. Мындан тышкары, ал клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун финалына чейин жеткен. Ал эми Франциянын улуттук курамасы Улуттар лигасында коло медаль утуп алган.
France Football журналы "жылдын эң мыкты аял футболчусу" наамын испаниядык Айтана Бонматине ыйгарды. Ал "Барселонанын" жана Испаниянын улуттук курама командасынын жарым коргоочусу болуп эсептелет. Бул сыйлыкка Бонмати үчүнчү жыл катары менен ээ болууда.
18 жаштагы Ламин Ямаль 21 жашка чейинки оюнчулар арасында берилүүчү Раймон Коп атындагы трофейди экинчи ирет утту. Ал былтыр, 2024-жылы да бул сыйлыктын ээси болгон. Ямаль ошондой эле France Football’дун "Алтын топ" сыйлыгы үчүн Усман Дембеле жана Рафинья менен бирге үч негизги талапкердин бири болуп эсептелет.
Ошондой эле "жылдын мыкты машыктыруучусу" наамына ПСЖ клубунун машыктыруучу Луис Энрике татыды.
Эске салсак, кечээ 22-сентябрында Париждеги Шатле театрында France Football журналы уюштурган дүйнөнүн эң мыкты футболчусуна берилүүчү "Алтын топ" (Ballon d'Or) сыйлыгынын тапшыруу аземи өттү. Бул сыйлык 1956-жылдан бери уюштурулуп келет жана дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу футболдук сыйлыктардын бири болуп саналат.
