Өзбекстанда адамдын органдары менен мыйзамсыз соода кылган кылмыштуу топ кармалды
Өзбекстандын укук коргоо органдары адамдын органдарын жана ткандарын мыйзамсыз трансплантациялоо менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн токтотту. Бул тууралуу бүнүн, 23-сентябрда Өзбекстандагы маалымат каражаттары кабарлашты.
Тергөө материалдарына ылайык, топко Ташкент шаарынан жана Ташкент, Фергана, Бухара, Кашкадарья облустарынан жалпы 12 адам кирген. Алар социалдык тармактар аркылуу бөйрөк жана боор оорулары менен жабыркаган бейтаптарды таап, ошондой эле ден соолугу чың адамдарды органдарын акчага сатууга көндүрүшкөн.
Шектүүлөр чет мамлекеттердеги байланыштарын колдонуп, донорлорду бейтаптардын туугандары катары көрсөтүп, документтерди жасалма даярдашкан. Органдарды көчүрүү операциялары коңшу мамлекеттеги жеке клиникада жасалган. 2023-2025-жылдар аралыгында бул топ 32 бейтапка бөйрөк жана боор ткандарын трансплантациялоону уюштурган.
Топтун айрым мүчөлөрү алынган каражаттын бир бөлүгүн клиникага төлөм катары жана донорлорго сыйлык катары беришсе, калган акчаны өздөрү бөлүшкөн. Ошондой эле операциядан кийин абалы начар бейтаптарга кылмыштуу топ күчтүү оору басуучу дарыларды кымбатыраак баада саткан.
Бул кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө иштери бүтүп, иш сотко жөнөтүлдү.
