Япония Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан арылтуу боюнча АКШ менен кызматташат
Япония өкмөтү Түндүк Кореяны толук өзөктүк куралдан арылтууну колдойт жана Корей жарым аралындагы кырдаал боюнча АКШ менен кызматташууну улантат. Бул тууралуу Япониянын министрлер кабинетинин баш катчысы Ёсимаса Хаяси билдирди.
Ал бул сөздөрүн Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын эгер АКШ тынчтыкта жашоону кааласа, диалогго даяр экенин айткан билдирүүсүнө жооп катары билдирди.
"Биз бул билдирүүлөрдөн кабардарбыз, бирок өкмөт ар бир өзүнчө билдирүү боюнча комментарий берүүдөн карманат. Бирок биз Түндүк Кореянын ракета-өзөктүк программасы Японияга жана эл аралык коомчулукка олуттуу коркунуч туудурат деп эсептейбиз жана бул таптакыр кабыл алынгыс",- деди Хаяси.
Ал Япония Түндүк Кореянын "толук денуклеаризациясын" жактай турганын баса белгиледи.
"Япония БУУнун Коопсуздук кеңешинин тиешелүү резолюциялары толук аткарылышы үчүн эл аралык коомчулук, өзгөчө АКШ жана Түштүк Корея менен кызматташууну улантат",- деп кошумчалады ал.
Буга чейин Ким Чен Ын АКШнын президенти Дональд Трамп менен болгон жолугушуулар "жакшы эскерүүлөрдү калтырганын" билдирген. Бирок ошол эле учурда ал денуклеаризация концепциясын маанисиз деп атаган.
