super.kg logo
  Саясат  

Гүлчө айылына шаар статусун берүү боюнча демилгени парламент комитети колдоду

 

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин 23-сентябрдагы жыйынында Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл аймагын райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү жөнүңдө мыйзам долбоору үч окууда каралып, колдоо тапты.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Кудайберген Базарбаевдин айтымында, айыл аймактын курамында 12 айыл бар. Калкынын саны 22 566 адамды түзөт.

Ал жакта Алай райондук мамлекеттик администрациясы, Гүлчө айыл өкмөтү, УКМКнын райондук бөлүмчөсү, аскер бөлүгү, прокуратура, сот, Социалдык фонд жана башка министрликтердин, мекемелердин райондук бөлүмдөрү, банктар жана стадиондор жайгашкан.

Айылда 1 кесиптик лицей, 3 орто мектеп, 1 мектеп-интернат, 5 бала бакча бар. 90 пайызы таза суу менен камсыз болгон, жолдорунун 63 пайызына асфальт төшөлгөн.

Эми аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жыйынында каралат.

Белгилей кетсек, 12-сентябрда президент Садыр Жапаров Алымбек датканын урматына арналган майрамдык иш-чарада Гүлчө айылына шаар статусун берүү маселесин кароону тиешелүү мамлекеттик мекемелерге тапшырганын айткан.

Маалымат үчүн: Мыйзамга ылайык, администрациялык, экономикалык жана маданий борбор болуп саналган, өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмү өнүккөн, окуу, маданий-агартуу, дарылоо жана соода мекемелерине ээ, калкынын саны 10 миң адамдан кем болбогон калктуу конуш райондук маанидеги шаар категориясына киргизилиши мүмкүн.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: