Кытай электромобили саатына 500 чакырым жүрүп, дүйнөдөгү эң ылдам автоунаа аталды (видео)
Кытайда чыгарылган электромобиль BYD Yangwang U9 Xtreme дүйнөдөгү эң ылдам жүргөн автоунаа болуп калды. Бул тууралуу компания өкүлдөрү социалдык тармактагы X баракчасында кабарлашты.
Yangwang U9 Xtreme быйыл жайында эле Германиядагы Папенбург шаарындагы ATP (Automotive Testing Papenburg) аттуу сыноо полигонунда өзүн көрсөтүп, саатына 472,41 чакырым ылдамдыкка жетип, электрдик прототип Aspark SP600дү артта калтырган болчу. Ал эми сентябрдын ортосунда ошол эле жерде максималдуу ылдамдыкты саатына 496,22 чакырым көрсөтүп, жаңы дүйнөлүк рекорд койду. Бул рекорд ATP тарабынан расмий сертификат менен тастыкталды.
Мындан тышкары, атактуу Нюрбургринг жарыш трассасында Yangwang U9 Xtreme бир айлампаны 6 мүнөт 59,157 секундда өтүп, жети мүнөттүк чектен чыгып кетүүгө жетишти.
Мурунку дүйнөлүк рекорд 2019-жылы француздардын Bugatti Chiron Super Sport 300+ үлгүсү тарабынан коюлуп, анын ылдамдыгы саатына 490,5 чакырым болгон.
BYD компаниясынын бул жаңы үлгүсү - заманбап электр гиперкары. Ал 1200 вольттук систем, төрт кубаттуу электромотор жана литий-ион-фосфат батареясы менен жабдылган. Ар бир кыймылдаткычтын кубаттуулугу 555 киловатт, жалпы 2220 киловатты түзөт, бул болжол менен 3000 ат күчүнө барабар.
Компания мындай автоунаадан 30 даананы чыгарууну пландоодо. Ар биринин баасы 250 миң доллардан жогору болору айтылды.
Кытай электромобили саатына 500 чакырым жүрүп, дүйнөдөгү эң ылдам автоунаа аталды
