super.kg logo
  Саясат  

Бишкекке Борбор Азия мамлекеттеринин парламент төрагалары келишти

 

Бүгүн, 23-сентябрда Казакстандын парламентинин төрагасы Маулен Ашимбаев, Тажикстандын парламент спикери Рустам Эмомали жана Өзбекстандын парламент төрайымы Танзила Нарбаева баштаган парламенттик делегациялар Бишкекке келишти.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиргендей, аларды "Манас" эл аралык аба майданынан төраганын орун басары Жылдыз Садырбаева тосуп алды. Делегациялар Борбор Азия мамлекеттеринин III Парламенттер аралык форумуна катышат.

"Аталган форумдун негизги максаты – Борбордук Азия мамлекеттеринин парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоо, туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо, миграциялык процесстерди жөнгө салуу жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү.

Форумдун жүрүшүндө төмөнкү темалар талкууланат: "Миграция жана эмгек агымдары: жарандардын укуктарын мыйзамдык жактан камсыздоо жана экономиканын туруктуулугу", "Инвестициялык климатты жакшыртуу жана Борбордук Азия мамлекеттеринин экономикасынын ачыктыгын жогорулатуу боюнча мыйзам чыгаруу чаралары", "Парламенттер жана санариптик суверенитет: киберкоопсуздук, санариптик чөйрөнү укуктук жөнгө салуу",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: