super.kg logo

Молдовада массалык баш аламандык уюштурууга шектелип 74 адам кармалды

 

Улуттук тергөө инспекциясынын кызматкерлери PCCOCS прокуратурасы, "Fulger" атайын багыттагы полиция бригадалары жана Маалымат жана коопсуздук кызматынын колдоосу менен 22-сентябрда Молдова боюнча масштабдуу операция өткөрүштү.

МОЛДПРЕС агенттигинин маалыматына караганда, операция учурунда 250дөн ашык тинтүүлөр жүргүзүлүп, ар кайсы аймактардан 100дөн ашуун адам кармалды.

Полициянын маалыматы боюнча рейддер өлкөнүн бир нече аймактарында өттү. 74 адам 72 саатка чейин кармалып, алардын басымдуу бөлүгүн 19дан 45 жашка чейинкилер түзгөн. Алар системдүү түрдө Сербияга барган. Молдованын полиция башчысы Виорел Чернэутянунун айтымында, айрым шектүүлөр сапардын чыныгы максатын билдирбей, кийинчерээк Молдовада баш аламандык жана абалды туруксуздандыруу үчүн даярдык көрүп жаткандары аныкталган.

Ал эми Молдовадагы Социалисттер партиясынын лидери Игорь Додон тинтүүлөр өлкөнүн түндүк аймактарында социалисттик партия өкүлдөрүнүн үйлөрүндө жүргүзүлгөнүн ырастады. Ал бийлик шайлоодон мурун жарандарды коркутуп, диктатура орнотууну көздөп жатканын билдирди.

Молдовада парламенттик шайлоо 28-сентябрга пландалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: