Ирландия премьер-министри Палестинаны таанууга чакырды
Ирландиянын премьер-министри Михол Мартин Палестина мамлекетин али тааный элек өлкөлөрдү бул чечимди олуттуу кароого чакырды. Ал БУУнун алдында өткөн Палестина маселесине арналган жогорку деңгээлдеги эл аралык конференцияда сүйлөп, эки мамлекеттүү чечимдин Израил менен Палестина үчүн тынчтыкка жол ачарын айтты.
Мартин Газанын эли көрүп жаткан азапты эске салып, 2023-жылдын октябрынан бери 65 миңден ашык адам, анын ичинде 20 миңден ашык бала өлтүрүлгөнүн, тамак-аш куралга айланганын жана маданий мурастар жок болгонун белгиледи. Ал дүйнөнүн көз алдында геноцид болуп жатканын айтып, тынчтыкты сактап калууга чакырды.
Ошондой эле ал эгер азыр аракет көрүлбөсө, эки мамлекеттүү чечимди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк жоголушу мүмкүн экенин эскертип, кийинки муундарга тынчтык мурасын калтыруу зарылдыгын баса белгиледи.
