Испания: Эки мамлекеттүү чечимде геноцидге туш болгон мамлекет бар болсо, ишке ашпайт
Испаниянын премьер-министри Педро Санчес БУУнун конференциясында сүйлөп, эгер эки мамлекеттин бири геноцидге туш болсо, эки мамлекеттүү чечим мүмкүн эместигин билдирди. Ал Газадагы абалдын аябай оор экенин белгилеп, Израилдин аракеттерин эч кандай негиз жок кыргын катары баалады.
Санчес конференцияны кайдыгерликке каршы моралдык нааразычылык жана тынчтыкка жол ачуу үчүн коллективдүү милдеттенме катары баалады. Ал тарых буга көз жумгандарды жазалай турганын эскертти жана Испания тынч отурбай, аракет кылууга бел байлаганына токтолду.
Премьер-министр Палестина мамлекетинин БУУга толук укуктуу мүчө болуп, негизги адам укуктарынан пайдаланышы зарыл экенин белгиледи. Испания Газадагы кыргынды токтотуу үчүн Израилге каршы чараларды уланта берерин кошумчалады.
