super.kg logo
  Спорт  

Грек-рим күрөшү боюнча курама команда Дүйнө чемпиондугунан кайтып келди (фото)

 

Бүгүн, 23-сентябрда Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Хорватиянын Загреб шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунан кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.

Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Эске салсак, 13-сентябрдан 21-сентябрга чейин Хорватиянын борбору Загреб шаарында спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу өттү. Мелдеш эркин күрөш менен башталып, кыз-келиндер күрөшү менен уланып, грек-рим күрөшү менен жыйынтыкталды. Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык балбан Асан Жанышов грек-рим күрөшү боюнча 87 килограмм салмак категориясында күч сынашып, Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: