Жогорку Кеңешти таркатуу боюнча демилге парламент комитетинде каралды
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 23-сентябрдагы жыйынында VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешти таркатуу жөнүндө демилге каралып, колдоо тапты.
Жыйында баяндама жасаган депутат Улан Примов депутаттарды таркатууга шайлоо боюнча жаңы мыйзам кабыл алынганын жана президенттик жана парламенттик шайлоолордун удаа болушу негиз болгонун билдирди.
"Кыска убакыт аралыгында эки масштабдуу шайлоо кампаниясын уюштуруу жана өткөрүү олуттуу финансылык, адамдык, материалдык, техникалык ресурстарды талап кылат. Бул шайлоо системине ашыкча жүктү жаратып, каталардын, мыйзам бузуулардын коркунучу дагы күчөшү ыктымал",- деди депутат.
Жыйынтыгында комитет сунушту Жогорку Кеңештин кароосуна, анын ичинде аны парламенттик жыйында кароонун күнүн аныктоо үчүн Координациялык кеңештин кароосуна киргизди.
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча демилгечи топ түзүлгөнү айтылып, эл өкүлдөрүнөн кол топтолуп жаткандыгы маалым болгон. Көп өтпөй документке 32 эл өкүлү кол койгону кабарланган. 17-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу демилге тууралуу түшүндүрмө берген.

