super.kg logo

“Мендельсондун маршы” – үлпөт тойлордун гимни

 

Үйлөнүү-үлпөт тоюнда илгери жарчылар жар айтып элди тойго чакырып, үйлөнгөн эки жашты мактап-алкап турушкан. Кийин тойлор кафе, ресторандарда өтө баштагандан тартып, эки жаш “Мендельсондун маршы” (“Үлпөт маршы”) менен киргенден кийин “Жар-жар” ыры ырдалып баштады. Мына ушул марштын жаралуу тарыхын сунабыз.

“Жайкы түндөгү түш” пьесасы үчүн жазылган

Марш 1842-жылы немис композитору, пианисти жана дирижёру Феликс Мендельсон тарабынан Шекспирдин “Жайкы түндөгү түш” пьесасы үчүн жазылган. Болгондо да пьесанын Титания фея жана эльфтердин падышасы эшек баштуу Оберондун сыйкыры менен ага турмушка чыгып жаткан жери үчүн жазылган. Турмушка чыккан соң ал ханыша болуп калат. Композитордун ою боюнча, музыка үлпөт тоюн салтанаттуу чагылдырышы керек болчу.

Марш алгач ирет 1843-жылы 14-октябрда “Жайкы түндөгү түш” пьесасында жаңырган. Чыгарма укмуш салтанаттуу болгондуктан Улуу Британияда 1847-жылы 2-июнда Дороти Кэрью жана Том Дэниэлдин ыйык Пётр чиркөөсүндөгү нике тоюнда жаңырган.

Бирок чыныгы популярдуулук маршка 1958-жылы 25-январда ханбийке Виктория менен Германиянын императору, Пруссиянын падышасы Фридрихтин үлпөт тоюнан кийин келген. Марш үлпөт тойлордун гимни катары кабыл алынып кеткен.

Ошентип, бул чыгарма үлпөт тойлордо колдонулуп, башка өлкөлөргө да тарай баштаган.

Роялы чиркөөдө сакталуу

1843-жылы Феликс Мендельсондун демилгеси менен Германияда тунгуч (Лейпциг) консерватория ачылган. Мендельсон ар түрдүү жанрда иштеген. Мисалы, "Жайкы түндөгү түш", "Рюи Блаз" жана башка увертюралары, "Итальян", "Шотланд" симфониялары, скрипка жана оркестр үчүн концерти, фортепьяно үчүн эки концерти, "Павел" (1836) ораториясы жана башкалары бар. 1874-1877-жылдары Лейпцигде Мендельсондун чыгармаларынын толук жыйнагы (36 том) басылып чыккан.

Мендельсон өзүнүн атактуу маршын ойногон рояль учурда Улуу Британиянын ыйык Анна чиркөөсүндө сакталып турат.

2018-жылы 23-январда советтик жана орусиялык “Рок-Синдром” металл-тобунун музыканттары өздөрүнүн версиясында “Жайкы түндөгү түштү” аранжировкалап аткарып чыгышкан.

Макала "Супер-Инфо" гезитине таандык.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: