super.kg logo

Кара-Жыгачтагы заводдо бетон конструкциясы 3 адамды басып калды

 

Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында курулуш учурунда 3 адам каза тапты. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, жоопкерчиликтүү адамдар кармалышты.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, кечээ, 22-сентябрда саат 14:10до Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгына Кара-Жыгач айылындагы "НБ" ЖЧКсына караштуу аймакта бетон конструкциялары адамдарды басып калгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул факт катталып, алдын ала иликтөө башталган. Маалым болгондой, "НБ" ЖЧКсынын аймагында бетон аралаштыруучу мунара орнотулуп жатканда, жабдуу кулап, анын алдына турган имаратты басып калган. Имараттын ичинде 1995-жылы туулган жумушчу Н.Б., 1990-жылы туулган Ж.А. аттуу оператор жана чет өлкөлүк 1978-жылы туулган К.Э. аттуу экинчи оператор болгон.

Өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу кызматтары менен Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери бул адамдардын сөөгүн урандылардын астынан алып чыгышып, моргго жөнөтүшкөн. Бул факт боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Кылмыш-жаза кодексинин 272-беренеси (тоо-кен, курулуш же башка иштердеги коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголуп, Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин алкагында 1979-жылы туулган А.А., 1990-жылы туулган И.И. жана 1990-жылы туулган Л.В. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Иликтөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: