HUAWEI Парижде өткөн глобалдык иш-чарада WATCH GT 6 смарт-саатынын сериясын жана башка инновациялык өнүмдөрдү сунуштады








Бүгүн Huawei Парижде «Шамалдын энергиясы» концепциясынын алкагында инновациялык түзүлүштөрдү ишке киргизүү боюнча иш-чараны өткөрдү. Тагынып жүрүүчү түзүлүштөрдүн жаңы мууну— HUAWEI WATCH GT 6, HUAWEI WATCH Ultimate 2 жана HUAWEI WATCH D2сериясы, ошондой эле HUAWEI nova 14 сериясы, HUAWEI FreeBuds 7i кулакчындары жана HUAWEI MatePad 12 Xпланшети сунушталды. Ошондой эле компания «Азыркы учур сизге таандык» жаңы концепциясын тааныштырып, GoPaint Worldwide 2025 креативдүү иштердин конкурсун жарыялады.
HUAWEI WATCH GT 6 сериясы: сыртта машыгуулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр
HUAWEI WATCH GT 6 смарт-сааты — бул моданын жана активдүү жашоо образынын айкалышы. Саатинновациялык чечимдердин аркасында 21 күнгө чейин иштөөнү жана жайгашкан жерин так көзөмөлдөөнү камсыз кылган, оптималдаштырылган батарея технологиясына ээ болду. HUAWEI TruSense жаңыртылган технологиясы ден соолуктун көрсөткүчтөрүн комплекстүү ченөөнү камсыз кылат. Жаңы смарт-саат активдүүлүктүн белгилүү төрт түрү үчүн кеңири функционалды сунуштайт. Велосипедде жүрүүнүн жаңыртылган режими маалыматтарды кесипкөй талдоо үчүн кубаттуулукту виртуалдык ченөө функциясын кармайт. Ошондой эле саат кросстук чуркоо, гольф ойноо жана лыжа тебүү режимдери менен жабдылган.
HUAWEI WATCH Ultimate 2 жана WATCH D2: ден соолукка мониторинг жүргүзүүдөгү жаңылык
HUAWEI WATCH Ultimate 2 смарт-сааты 150 метрге чейинки тереңдикте чөмүлүү мүмкүнчүлүгү жана аудиофункцияны кармоо менен тармакта биринчи болуп саналат. Сонардын негизиндеги суу астындагы коммуникациянын алдыңкы технологиясы 30 метрге чейинки аралыкта сааттар ортосунда билдирүүлөрдү алмашууга жана 60 метрден SOS белгисин берүүгө мүмкүндүк берет. Жаңыртылган HUAWEI WATCH D2 модели кан басымына мониторинг жүргүзүүнүн кеңейтилген функциясын аткара алат.
HUAWEI nova 14 сериясы: кесипкөй портреттик сүрөткө тартуу
HUAWEI nova 14 сериясы «Про деңгээлиндеги портрет» концепциясын сунуштоо менен, мобилдик портрет тартуу жөнүндө түшүнүктү өзгөртөт. Ультра реалдуу сүрөткө тартуу технологиясынын жана XD Portrait жаңыртылган жылдыргычтын аркасында терең жана каныккан көрүнүштөгү сүрөттөр алынат. Камера жарык начар болгон шартта дагы жакшы тартат, ал эми 5 эсе зум менен 50 МП фронталдык камерасы жогорку сапаттагы селфи тартууга жардам берет.
HUAWEI MatePad 12 Х жана M-Pencil Pro стилусу: чыгармачылыктын жаңы доору
HUAWEI MatePad 12 X PaperMatte жаңы планшети ыңгайлуу иштөө үчүн түзүлгөн, ультра даана экран менен жабдылган. Стилус менен айкалышта HUAWEI M-Pencil Pro планшети шакек менюну чагылдыруу жана «Блокнот»колдонмосуна тез кирүү сыяктуу функцияларды кармайт. Ошондой эле GoPaint Worldwide 2025 креативдүү иштердин конкурсу расмий түрдө башталды, мында сүрөттүн төрт классикалык категориясына жаңы — «Анимация» категориясы кошулду.
«Азыркы учур сизге таандык»: Huawei жаш аудитория менен диалогду кеңейтет Huawei компаниясы дүйнө жүзү боюнча керектөөчүлөрдүн жаңы мууну менен терең диалогду өнүктүрүүгө багытталган «Азыркы учур сизге таандык»жаңы концепциясын сунуштады.
