Орусиянын Камчатка аймагында катуу эки жер титирөө катталды
Орусиянын Камчатка аймагында акыркы бир сутка ичинде күчү 6,3 жана 6 баллга жеткен эки чоң жер титирөө болду. Аталган өлкөнүн илимдер академиясынын Бирдиктүү геофизикалык кызматынын маалыматы боюнча, биринчи зилзала Петропавловск-Камчатский шаарынан 214 чакырым түштүк-чыгышта, очогу 19,3 чакырым тереңдикте катталды. Экинчи жер титирөө ошол эле аймакта, шаардан 196 чакырым түштүк-чыгышта, 21 чакырым тереңдикте болгон.
Сейсмологдордун маалыматына караганда, акыркы сутка ичинде Камчаткада магнитудасы 5,5тен 6,3кө чейин болгон үч ири жер титирөө жана 40тан ашык афтершоктор катталган. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Жергиликтүү бийлик кырдаалды көзөмөлгө алып, керектүү чараларды көрүүдө. Жарандардан өз коопсуздугун камсыз кылып, расмий маалыматтарды гана көзөмөлдөп турууну суранууда.
