super.kg logo

Өзгөндүн борбордук көчөлөрү дизайн-код боюнча иретке келтирилүүдө

 
Өзгөн шаарынын дизайн-коду иштелип чыкты. Анын негизинде коомдук жана коммерциялык объекттерди эстетикалык жактан иретке келтирүү, көрнөк-жарнактарды жана фасаддык чечимдерди бирдиктүү стандартка өткөрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзгөн шаарынын Манас көчөсү 32 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн биринчи кабатындагы коммерциялык объекттер иретке келтирилди.
Ошондой эле Манас жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинен Өзгөн борбордук базарына чейинки аралыктын чыгыш тарабы дизайн-коддун талабына ылайык оңдолду.
Бул өзгөрүүлөр шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга, кооз жана ыңгайлуу архитектуралык шаар чөйрөсүн түзүүгө багытталган. Башкармалык тарабынан дизайн-код боюнча иретке келтирүү иштери дагы да улантылат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: