super.kg logo

Ички иштер министрлигинде маалыматтык бөлүктөрдүн түзүлгөн күнү белгиленди

 
Бүгүн, 23-сентябрда Ички иштер министрлигинде маалыматтык бөлүктөрдүн түзүлгөндүгүнүн 107 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыктарынын маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн кызматкерлери, ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын өздүк курамы жана ардагерлери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер органдарынын санариптик трансформация тармагындагы олуттуу жетишкендиктер белгиленип, министрликтин ишин оптималдаштырууда маалыматтык бөлүмдөрдүн негизги ролу өзгөчө баса белгиленди.
Мындан тышкары ИИМдин Башкы маалыматтык технологиялар башкармалыгынын жетекчилиги кызматкерлерди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, бул күн улуттук дөөлөттөрдүн бири болгон кыргыз тилине урмат көрсөтүүнүн символу экенинине токтолуп, өлкөнүн маданий мурастарынын ажырагыс бөлүгү жана коомдун өнүгүүсүндө маанилүү фактор экенин баса белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө ардагерлерге жана маалыматтык технологиялар бөлүктөрүнүн кызматкерлерине кесиптик ишмердүүлүгүндөгү эмгектери үчүн мекеменин сыйлыктары тапшырылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: