Дастан Бекешев: "Унааларды эвакуациялоо бизнес болуп калды"
Бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев эреже бузган унааларга айып пул салуунун электрондук түрүн иштеп чыгууну сунуштады.
Ал Бишкекте туура эмес токтогон унааларды эвакуациялоо иштери жарандар үчүн көйгөй жаратып жатканын белгиледи.
"Унаа эвакуация болгондо сайт аркылуу маалымат бериш керек. Ал унааны кайда алып барышканын кабарлаш керек. Айдоочу чыгып алып, унаасын өзү издеп жатат. Анан дагы айып короодон тышкары эвакуация үчүн да акча төлөп жатышат.
Эвакуация азыр бизнес болуп калды. Мэрия атайын унаа токтотуучу жайларды жоюп салгандыктан, унаа коё турчу жер жок калды. Кээде дарыканага, дүкөнгө киргенге аргасыз болуп, унааны бир жерге коёсуң. Кээде унаанын бир жерин сындырып алышса, жоопкерчиликти эч ким албайт. Эвакуацияны өзгөчө кырдаал жаралганда эле кылыш керек. Ошондой эле эгер 2-3 жолу эреже бузса, анда эвакуация кылсын.
Жол тескөөчүлөрүнө да оңой болмок. Келип көрүшөт, унаанын номурун сүрөткө тартышып, протоколду электрондук негизде түзөт", - деди Бекешев.
Дастан Бекешев: "Унааларды эвакуациялоо бизнес болуп калды"

