Бишкектиктерди биринчи кезекте эмнелер тынчсыздандырат?
Бишкек шаарынын мэрия калаа тургундарына онлайн сурамжылоо уюштурулганын билдирип, анын жыйынтыгын жарыялады.
Маалымдагандай, сурамжылоого эң активдүү катышкандар 26 жаштан 45 жашка чейинки курактагы жарандар. Катышуучулардын басымдуу бөлүгүн (78 пайыз) жогорку билимдүү, ар кайсы тармактагы адистер түзгөн. 64 пайызы шаарда туулуп-өскөндөр болсо, 27 пайызы Бишкек шаарында 10 жылдан ашык убакыт жашагандар болгон.
Сурамжылоого катышкан жарандардын 65 пайызы Бишкек шаарында сейил бактардын жана жөө жүрүүчү аймактардын жетишсиздигине көңүл бурушкан. Ошондой эле тургундар жаңы жана кичи райондордо билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт тармактарындагы объектилер жетишсиз экенин белгилешкен.
Шаарда жаңы объектилерди куруу жана алардын функционалдык багытын аныктоо жагынан катышуучулар төмөнкү тармактарды артыкчылыктуу деп эсептешкен. Алар: аквапарк, дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекстери, балдар жана аркан парктары, виртуалдуу саякат борборлору жана экстрим-парктар.
Ошондой эле шаар тургундары транспорттук инфраструктурадагы көйгөйлөрдү - жол тыгындарын, тротуарлардын жоктугун жана коомдук транспорттун ашыкча жүктөлүшүн эң актуалдуу маселе катары белгилешкен.
Жол тыгындарын азайтуу жана коомдук транспорттогу жүктөмдү жеңилдетүү максатында сурамжылоого катышкандар Бишкек шаарынын транспорттук системасын оптималдаштырууга багытталган бир катар чараларды - айланма жолдорду куруу жана учурдагы жолдорду кеңейтүү, жөө өтмөктөрдү куруу жана кошумча унаа токтотуучу жайларды уюштурууну сунушташкан.
Мындан тышкары, экологиялык жактан таза транспорт түрүн жайылтуу жана унаа жолдорундагы жүктөмдү азайтуу максатында велосипед тебүүчүлөр үчүн өзүнчө веложолдорду куруу менен тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүү сунушталган. Сурамжылоого катышкан жарандардын үчтөн бири күнүмдүк сапарлары үчүн велосипедди активдүү колдонууга кызыкдар экенин билдиришкен.
Инженердик инфраструктура тармагында сурамжылоонун жыйынтыгы бул системалардын иштөө ишенимдүүлүгү орточодон жогору экенин көрсөткөн. Тургундар көбүнчө калкты борборлоштурулган таза суу менен камсыздоо жана электр жарыгы кызматынын сапатына ыраазычылык билдиришкен.
Ошол эле учурда сурамжылоого катышкандардын дээрлик баары (92,3 пайызы) таштандыларды бөлүп чогултуу демилгесин колдошкон. Бирок кайра иштетүү үчүн таштандыларды бөлүп чогултууга ылайыктуу контейнерлердин жана урналардын жетишсиздигин белгилешкен.
Бул маселени чечүү үчүн тургундар заманбап таштанды кайра иштетүүчү завод курууну жана калк үчүн жеткиликтүү таштандыларды бөлүп чогултуу тутумун уюштурууну, анын ичинде айнек идиштерди кайра колдонууга шарт түзүүнү сунушташкан.
Экологиялык абалдын сапаты тууралуу суроого жарандардын 15 пайызы гана экологиялык абалды канааттандырган. Шаар тургундарын биринчи кезекте шаарды жашылдандыруу, жаратылыш объекттерин жакшыртуу маселеси түйшөлтөт. Тургундар ошондой эле шаардын түтүн көйгөйүнө тынчсыздануусун билдирип, абанын сапатын жакшыртуу жана жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн аны чечүүнү талап кылышкан.
