super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров БУУнун трибунасында Ооганстандын тоңдурулган активдерин кайтарууга чакырды

 

Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарында Ооганстандын тоңдурулган активдерин кайтарууга чакырып, ал өлкөнү эл аралык изоляцияга алуу жана каржылык жардамсыз калтыруу туура эместигин белгиледи.

Президент геосаясий максаттарды көздөп, каржылык инструменттерди колдонуу гуманитардык кризисти курчутарын белгилеп өттү. Ал Батыш өлкөлөрү тарабынан тоңдурулган 9 миллиард доллардан ашык акча каражаты ооган элине кайтарылышы керек деп өзгөчө белгиледи. Аталган каражаттар инфраструктураны калыбына келтирүүгө, жергиликтүү банк системин колдоого, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана миллиондогон адамдарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жардам бермек.

“Силер бул каражаттарды ушул тапта өзүңөр колдонуп, пайда көрүп жатасыңар”,- деп белгиледи ал.

Президент бүгүнкү күндө Ооганстанда 15 миллион адам ачкачылыкка дуушар болсо, 24 миллион адам гуманитардык жардамга муктаж болуп турганын эске салды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: