Европанын мурастары кыйрап жатат... Трамп БУУнун трибунасында эмнелерге токтолду?
АКШ президенти Дональд Трамп 2020-жылдан бери алгачкы жолу БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөп жатып Европа мамлекеттерин эскертти. Анын айтымында, иммиграция алардын мурастарын жок кылып, өлкөлөрдүн кыйрашына алып келүүдө. Трамп иммиграция менен климаттын өзгөрүшүнө каршы саясатты “эки куйруктуу желмогуз” деп атап, бул Европаны кыйратып жатканын билдирди.
“Эгерде сиздер, өз өлкөңөргө тиешеси жок адамдардын кирүүсүн токтотпосоңор, өлкөңөр кыйрайт. Мен Америка Кошмо Штаттарынын президенти болгонума карабай, Европага кабатырмын. Мен Европаны жакшы көрөм, европалыктарды жакшы көрөм. Бирок Европаны "эки куйруктуу желмогуз" талкалап жатканын көрүү мени капалантат. Сиздер муну жакшы болуу үчүн жасап жатасыздар. Сиздер саясатта туура көрүнгүңүздөр келет, бирок ошол эле учурда өз мурастарыңыздарды кыйратып жатасыздар”,- деди Трамп.
Америка лидери Жакынкы Чыгыштагы жана Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотууга аракет кылып жатканын айтып, буга чейин да мындай аракеттерден ийгиликке жеткенин кошумчалады:
“Ушундай эле жол менен, болгону жети ай ичинде жети узакка созулган согушту токтоттум. Аларды токтотууга мүмкүн эмес деп айтышчу. Айрымдары 31 жылга созулган. Элестетип көргүлөчү – 31 жыл! Бирөөсү – 36 жыл, дагы бирөө – 28 жыл. Мен ошол жети согушту токтоттум”,- деп кошумчалады ал.
Ошондой эле Трамп Нобель тынчтык сыйлыгы тууралуу да сөз кылды. Анын айтымында, көптөр ага бул сыйлык ыйгарылышы керек деп эсептешет, бирок ал сыйлык үчүн эмес, адам өмүрүн сактап калуу үчүн аракет кылып жаткандыгын белгиледи.
“Ар бир жетишкендигим үчүн Нобель тынчтык сыйлыгын алышым керек дешет, бирок мен үчүн чыныгы сыйлык бул апасы менен атасынын жанында чоңойгон уул-кыздар. Анткени миллиондогон адамдар эми мындан ары аягы жок жана ырайымсыз согуштарда курман болбойт”,- деп билдирди ал.
Трамп эң катуу сынын Бириккен Улуттар Уюмуна багыттап, ал уюм эч бир жаңжалды чечүүгө жардам бербегенин белгиледи.
“БУУ чечүүгө тийиш болгон көйгөйлөрдү чечмек турсун, тескерисинче, аларды көбүнчө өзү жаратып коёт. Бул учурдагы эң чоң саясий көйгөй – көзөмөлсүз миграция кризиси. Бул таптакыр көзөмөлдөн чыгып кеткен. Сиздердин өлкөлөрүңүздөр талкаланып жатат. Бириккен Улуттар Уюму батыш мамлекеттерине жана алардын чек араларына каршы чабуулду каржылап жатат”,- деп билдирди АКШ президенти.

