Нурдан Орунтаев “Манас” аэропортунун реконструкция иштери менен таанышты








Кечээ, 23-сентябрда курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Манас” эл аралык аэропортунда жүрүп жаткан реконструкция иштери менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Министр объектте жүрүп жаткан ишти өз убагында мөөнөтүнөн кечиктирбей сапаттуу бүтүрүү үчүн жумушчулардын санын 200гө жеткирүү боюнча тапшырма берди. Ошондой эле күндүзгү сменде туруктуу 120, ал эми кечки сменде 70-80 жумушчу иштөөсү керек экендигин белгиледи.
“Манас” эл аралык аэропортун реконструкциялоо үстүбүздөгү жылдын эң маанилүү курулуш иштеринин бири болуп саналат. Аэропорттун инфратүзүмү болжол менен 39 миң чарчы метр аянтты ээлеп келген болсо, долбоорго ылайык, 18 миң чарчы метрге кеңейтилет. Мындан сырткары, заманбап skywalk-жабык өтмөгү курулат. Ошондой эле аэропорттун дизайны улуттук колориттин негизинде толук өзгөртүлүп Манас атанын эстелиги коюлат. Ошол эле учурда эл аралык стандарттарга толук жооп берет. Мындан сырткары, траволатор, эскалаторлор орнотулуп, долбоорго ылайык экинчи кабатта бийиктиги 8,8 метр, туурасы 15,5 метр, узундугу 255,5 метр болгон күтүү залы каралган. Бүгүнкү күндө батыш эстакадасын демонтаждоо, ички жасалгалоо жана экинчи кабатта гранит таштарды төшөө иштери жүрүп жатат",- деп белгиленген маалыматта.
Эл аралык аэропортту реконструкциялоо долбоорун министрликке караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти иштеп чыкса, курулуш иштерин “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:50
2025-09-26
21:27
2025-09-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.