super.kg logo

КРСУ менен Курулуш министрлиги кадрларды даярдоо боюнча меморандумга кол койду (фото)

 
Борбор Азиядагы экинчи Орусия-Кыргыз билим берүү форумунун алкагында Ельцин атындагы Кыргыз-Орусия Славян университетинде Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги менен аталган университеттин ортосунда меморандумга кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Меморандумга курулуш министринин орун басары Бактыяр Станбеков жана КРСУнун ректору Сергей Волков кол койду.
Меморандумдун максаты - курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба тармагындагы жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо, илимий изилдөө жана заманбап технологияларды ишке киргизүүдө узак мөөнөттүү өнөктөштүктү бекемдөө.
Эки тарап биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу менен тажрыйба топтоо, илимий конференцияларды уюштуруу, ошондой эле энергияны үнөмдөө, санариптештирүү жана курулуштун жер титирөөгө туруштуулугу жаатында инновациялык долбоорлорду өнүктүрүү боюнча макулдашты.
"Меморандум мамлекеттин, илимдин жана билим берүүнүн күчүн бириктирүүдө курулуш тармагынын туруктуу өнүгүүсүнө жана адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет",- деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: