Тайванда тайфундан улам кеминде 14 адам каза болду
Тайвандын чыгышында "Рагаса" тайфуну каптап, кеминде 14 адам каза болуп, 120дан ашык жаран дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, тайфундун кесепетинен 18 адам жаракат алган.
Ага ылайык, шейшемби күнү Тайвандын Хуалянь уездинде мурдагы жер көчкүдөн улам пайда болгон көлдүн плотинасы бузулуп, суу Гуанфу кыштагына карай агып кирип, көпүрөнү талкалап, айыл-кыштакты суу каптаган.
Алгач жергиликтүү бийлик өкүлү AFP агенттигине куткаруучулар дайынсыз жоголгон 30 адамды издеп жатканын билдирген. Кийинчерээк Улуттук өрт коопсуздугу агенттиги дайынсыз жоголгондордун саны 124кө жеткенин тактады.
Тайвандын бардык аймактарында "Рагаса" тайфунунан улам миңдеген адамдар эвакуацияланды. Шейшемби күнү аймактагы эң ири аба бекеттердин бири болгон Гонконг эл аралык аэропорту бейшембиге чейин каттамдарды убактылуу токтотту. Жергиликтүү Cathay Pacific авиакомпаниясы 500дөн ашуун каттамды токтотууга мажбур болду.
Учурда жеринде куткаруу кызматтары издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жатышат. Жергиликтүү бийлик аймактагы жашоочуларга дагы тайфун коркунучу бар экенин эскертип, сактык чараларын сактоого чакырды.
"Рагаса" ошондой эле Кытайдын түштүк аймактарына, Гонконгго, Макаого жана Вьетнамдын түндүк региондоруна коркунуч жаратууда.

