Ошто Аскалы айылындагы мектептин курулушу бүттү










Ош облусунун Алай районуна караштуу Аскалы айылында наркы 42,6 миллион сомду түзгөн Белекбаев атындагы мектептин курулушу бүттү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланды.
Жалпы аянты 736 чарчы метрди түзгөн жаңы мектептин заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу окуу корпусу 100 орунга ылайыкталган. Жакынкы күндөрү билим уясы окуучуларга эшигин ачат.
Курулуш иштери 2024-жылы башталып, "Улар Транс" ЖЧКсы тарабынан аткарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:50
2025-09-26
21:27
2025-09-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.