Жакартадагы калктын көптүгүнөн улам Индонезия борборун башка шаарга көчүрөт
Индонезия бийлиги борбор калааны Жакартадан Нусантарага көчүрүү процессин 2028-жылга чейин бүтүрүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Jakarta Globe гезити өлкө президентинин администрация башчысы Мухаммад Кодариге шилтеме кылып жазды.
"Эгерде мыйзам чыгаруу жана сот органдары жок, президенттик сарай гана болсо, өкмөт кандайча натыйжалуу иштей алат? Үч бийлик бутактары тең Нусантарда болушу керек",- деди Кодари.
Ал мамлекеттин бардык зарыл мекемелеринин имараттарынын курулушу Индонезия президенти Прабово Субианто берген тапшырманын негизинде 2028-жылы аяктай турганын белгиледи.
Индонезиянын президенти болуп 2014-2024-жылдар аралыгында кызмат кылган Жоко Видодо 2019-жылы борбор калааны Жакартадан көчүрүү идеясын сунуштаган. Башында мегаполистин Калимантан аралында 2024-жылы пайда болушу пландалган. Бул үчүн дээрлик 32 миллиард доллар бөлүнгөн, бирок COVID-19 пандемиясына байланыштуу долбоордун ишке ашуусу токтотулган.
2022-жылдын январь айынын ортосунда өлкө башчысы жаңы борбордун аталышы Нусантара болорун жарыялаган. 2024-жылдын 28-июлунда Жоко Видодо жаңы борборго барып, алгачкы жумуш күндөрүн өткөргөн, бирок 30-июлда кайра Жакартага кайтып келген, ал жерде азыр өкмөт жайгашкан. Прабово Субианто президент болуп шайлангандан кийин Нусантараны курууну бүтүрүүгө умтулуп жатканын жана өзү да жаңы борборго көчүүгө даяр экенин билдирген.
Эске салсак, борбор калааны көчүрүү идеясы андагы калктын көптүгү менен байланыштуу. Алсак, Жакартада бир чарчы километрге 15,7 миңден ашык адам туура келет.

