Ошто кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган мамлекеттик кызматкерлер кармалышты



Кара-Кулжада кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип, мамлекеттик кызматкерлер кармалышты. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл өкмөтүндө 2022-2023-жылдар аралыгында аткарган ишмердүүлүгүнө карата текшерүү жүргүзүлгөн. Анда аныкталган кемчиликтер боюнча райондук прокуратура тарабынан 13-август күнү Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголуп, РИИБ тарабынан ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Натыйжада 53 жаштагы Э.Б. жана 30 жаштагы А.Э. шектүү катары кармалышып, кечээ, 23-сентябрда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 774 900 сомду түзөт.
Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:11
2025-09-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.