super.kg logo

Трамп: "Украина Евробиримдиктин колдоосу менен бардык аймактарын кайтарып алса болот"

 

Украина Европа биримдигинин колдоосу менен бардык жоготкон аймактарын кайтарып алууга жана андан да ары өнүгүүгө жетише алат. Мындай пикирин АКШ президенти Дональд Трамп билдирди.

"Убакыт, чыдамкайлык жана Европанын, өзгөчө НАТОнун каржылык колдоосу менен баары башталган чек аралар вариант болушу мүмкүн",- деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагында.

2014-жылдын мартында Крым Орусиянын курамына кирген. 2022-жылы Луганск, Донецк, Запорожье жана Херсон облустары Орусиянын аймактары деп жарыяланган. Алардын баары мурда Украинага таандык болчу.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын жаңы аймактарына доо койгонун бир нече жолу айткан. Көптөгөн Европа мамлекеттери да бул аймактардын Орусиянын курамына киргенин тааныган эмес.

Ал эми Орусиянын атышууну токтотуу үчүн негизги талаптарынын бири Украинага нейтралдуу статус берүү менен катар Крым, Луганск, Донецк, Запорожье жана Херсон облустарын эл аралык укуктук деңгээлде таануу болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: