super.kg logo

Хаменеи: "Иранга ядролук курал керек эмес жана аны өндүрбөйт"

 

Иранга ядролук курал керек эмес жана ал аны өндүрүүнү пландабайт. Бул тууралуу өлкөнүн жогорку жетекчиси Али Хаменеи билдирди. Ал уранды жогорку деңгээлде байытуунун Тегеранга өз муктаждыктарын жабууга жардам берерин белгиледи.

"Албетте, ядролук курал түзгүсү келген өлкөлөр аны 90 пайызга чейин байытууда. Бизге курал керек эмес жана биз ядролук куралдан баш тартууну чечтик, ошондуктан биз аны жогору деңгээлге жеткирген жокпуз. Биз аны 60 пайызга чейин байыттык, бул өтө жогорку көрсөткүч, өтө жакшы көрсөткүч, биздин өлкөнүн алдында турган айрым милдеттерди чечүүгө зарыл",- деди Али Хаменеи элге кайрылуусунда.

Ирандын жогорку жетекчиси өлкөдө ядролук курал жок экенин жана болбой турганын баса белгиледи.

Эске салсак 21-сентябрда Иран Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Иранга каршы санкцияларды калыбына келтирүү чечиминен кийин Эл аралык атомдук энергия агенттиги (МАГАТЭ) менен кызматташтыгын токтоткон.

19-сентябрда санкцияларды калыбына келтирбөө боюнча резолюцияга Орусия, Кытай, Алжир жана Пакистан добуш беришкен. Бирок БУУнун жалпы жыйынында бул демилге четке кагылган. Европа өлкөлөрүнүн көз карашында, Иранды ядролук программа боюнча келишимди бузганы үчүн чектөө зарыл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: