"Чоң көйгөй болуп калды". Депутат Бишкек - Токмок каттамы боюнча маселе көтөрдү
Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров Бишкек - Токмок автобус каттамынын санын көбөйтүүнү сунуштады. Мындай пикирин эл өкүлү парламенттин бүгүн, 24-сентябрдагы жыйынында айтты.
Эл өкүлү билдиргендей, күн сайын Токмок, Кара-Балта шаарларынан борборго миңдеген адамдар келип иштешет.
"Бишкек - Токмок каттамы чоң көйгөй болуп калды. Азыр Аламүдүн тараптан автобустарды жүргүзө баштады. Бирок "Дордойдон" дагы көп эл Токмокту көздөй барып, иштеп, кайра келишет. Саат 14:00-15:00дө акыркы каттам кетет. Бирок эл саат 18:00гө чейин иштешет экен. Жарандар буга дагы 1-2 каттам кошуп коюуну суранып жатышат",- деди депутат.
Депутат каттам боюнча
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















