super.kg logo
  Саясат  

Жапаров Нью-Йоркто Гвинея-Бисаунун президенти Умару Сисоку Эмбало менен жолугушту

 
Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Гвинея-Бисаунун президенти Умару Сисоку Эмбало менен жолугушту.
Президент Жапаров Кыргызстан менен Гвинея-Бисаунун ортосундагы мамилелер өнүгүүнүн баштапкы баскычында экенин белгиледи. Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2025-жылдын февраль айында түзүлгөн.
Садыр Жапаров Африка мамлекеттери, анын ичинде Гвинея-Бисау менен өз ара кызыкчылыктарга жооп берген ар кандай тармактарда эки жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.
Өз кезегинде Гвинея-Бисаунун президенти Умару Сисоку Эмбало дипломатиялык мамилелерди түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан менен өнөктөштүктү чыңдоого даяр экенин билдирди. Мындан тышкары, Умару Сисоку Эмбало мамлекеттер арасында туруктуу өз ара аракеттенүү механизмин түзүүнү сунуштады.
Соңунда лидерлер диалогду өнүктүрүү ниеттерин ырастап, өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү багыттарын аныктоого шартташышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: