Астана, Токио, Бразилиа. Борбор шаарлар кайда жана эмне үчүн көчүрүлгөн?
XX кылымда бир нече мамлекеттер борбор калаасын башка шаарга көчүрүшкөн. Албетте, мындай чоң өзгөрүүлөрдүн артында ар дайым олуттуу стратегиялык максаттар турат. Анткени борборду көчүрүү - чоң тобокелдикти талап кылган жана жоопкерчиликтүү кадам. Ал мамлекет үчүн оң натыйжаларды да, терс кесепеттерди да алып келиши мүмкүн. Төмөндө борбор калаасын башка аймакка көчүргөн өлкөлөрдү тизмектейбиз.
Бразилия
Бразилия Португалиядан бөлүнгөндөн кийин, бир кылымдан ашуун убакыт бою өлкөнүн борбору Рио-де-Жанейро шаары болгон. 1955-жылы өлкөнүн президенттикке талапкери Жуселину Кубинька өзүнүн бийлик мөөнөтү аяктаганга чейин жаңы борборду куруп берүүнү убада кылган. 1956-жылы шайлоодо жеңип чыккандан кийин жаңы президент курулушту баштап, ага 60 000 куруучулар катышкан. Шаар үч жылда курулган. Борборду көчүрүүнүн себеби өлкөнүн аймактарынын ресурстарын тең бөлүштүрүү жана коопсуздук жагдайы болгон. Себеби деңиз жээгиндеги Рио-де-Жанейро деңизден чабуулга кабылышы мүмкүн болсо, Бразилиа өлкөнүн ички бөлүгүндө жайгашкан эле.
Ошентип, 1957-1960-жылдары Бразилияда атайын курулган Бразилиа шаары өлкөнүн жаңы борбору болуп жарыяланган жана бүгүнкү күнгө чейин ошол макамын сактап келет.
Казакстан
XX кылымда Казакстандын борбору бир нече жолу алмашкан. 1920-1925-жылдары республиканын борбору Оренбург шаары болсо, 1929-жылга чейин - Кызыл-Ордо, андан кийин 1991-жылга чейин Алмата шаары болгон. Акыркы жолу борбор 1997-жылдын декабрында Астана шаарына көчүрүлгөн. Кийин, 2019-жылдын март айында шаарга Нур-Султан деген ат берилген.
Борборду көчүрүүнүн негизги себептери катары Алматадагы сейсмикалык жана экологиялык коркунучтар көрсөтүлгөн. Ошондой эле борбордун көчүрүлүшүнө Алматанын Орусия, Кытай жана башка потенциалдуу өнөктөштөр менен бизнес байланыштарды түзүүгө тоскоолдук жаратканы эсептелген. Ал эми Астана өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан ири, ыңгайлуу шаар катары тандалган.
Орусия
1918-жылга чейин Орусиянын борбору Санкт-Петербург (Петроград) шаары болгон. Бирок 11-мартта жаңы советтик өкмөт шаардын түндүк тарабындагы абал туруксуз болуп, немис аскерлери жакындап келе баштагандыгына байланыштуу Москвага шашылыш көчүү чечимин кабыл алган.
4 күндөн кийин РСФСРдин борбору убактылуу Москвага көчүрүлө турганы тууралуу расмий документ жарыяланган. Бирок жарандык согуш аяктап, сырттан коркунучтар азайгандан кийин да Москва борбор калаа болуп калган. Бул чечим ал кезде катуу сынга кабылган, анткени Москва ал учурда соодагерлердин провинциялык шаары катары каралчу. Бирок 1920-жылдарда большевиктердин жеңишинен кийин Москва тез өнүгүп, гүлдөй баштаган.
Ошентип 1918-жылдан тарта Москва алгач РСФСРдин борбору, андан кийин 1922-1991-жылдары СССРдин борбору болгон. Ал эми 1991-жылдан бери Москва Орусиянын расмий борбору болуп эсептелет.
Түркия
1923-жылга чейин Түркиянын борбору эң ири жана белгилүү шаар Стамбул (мурунку Константинополь) эле. Бирок 1923-жылы революциялык толкундардын жүрүшүндө борбор Анкара шаарына, тагыраагы, өлкөнүн экинчи чоң шаарына көчүрүлгөн. Бул чечим Константинополь менен байланышкан султандын бийлигинен алыстоону максат кылган. Борборду көчүрүүнүн дагы бир маанилүү себеби ошол кездеги Осмон империясында кеңири жайылган коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жаңы саясий программаны баштоо болгон.
Айрым булактарда мындай чечим биринчи дүйнөлүк согуштагы жеңилүүгө байланыштуу кабыл алынганы жазылган. 1918-жылдын ортолорунда француз жана британ аскер бөлүктөрү Стамбулга кирип, шаарда Антанта коалициясынын аскердик администрациясы орногон. 1920-жылдын жазында Анкарада Түркиянын Улуу улуттук жыйыны чогулуп, өкмөт башчысы катары Мустафа Кемалды шайлаган жана султанат менен халифат жоюлган.
Германия
1949-жылдан 1990-жылга чейин Германия Федеративдик Республикасынын борбору Бонн шаары болгон. Бирок Германия биригип, бирдиктүү мамлекет болгон соң, 1991-жылы баш калаа катары Берлин тандалып алынган. 2000-жылга чейин Германия өкмөтү, Бундестаг жана Бундесрат Бонн шаарында ишин уланткан. Ошол эле учурда Берлин толугу менен реконструкцияланып, дээрлик таанылгыс болуп өзгөргөн. Борборду Берлинге толук көчүрүү Германиянын биримдигинин символу катары кабыл алынган.
Өзбекстан
1930-жылга чейин Өзбек ССРинин борбору Самарканд шаары болгон. Бирок 1930-жылы Иосиф Сталиндин буйругу менен борбор экономикалык жана маданий жактан тез өнүгүп келе жаткан Ташкент шаарына көчүрүлгөн. Ошондон тарта Ташкент Өзбекстандын гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азиянын башкы мегаполисине айланган. СССР тарагандан кийин, 1991-жылы Ташкент Өзбекстандын расмий борбору болуп калган.
Мьянма
1948-жылдан бери өлкөнүн административдик борбору Моутама булуңунан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан Янгон шаары болгон. Бирок 2005-жылдын 6-ноябрында өлкөнүн аскердик бийлиги өкмөттү жаңыдан курулган Нейпьидо шаарына, тагыраагы 320 чакырым түндүккө көчүргөн.
Мьянма жетекчилиги борборду көчүрүүнүн так себептерин ачык айткан эмес. Айрым басылмалар бул кадам өлкөгө чет өлкөлүк мамлекеттин чабуулу болорун астрологдордун эскертүүсү менен байланыштырган.
Бүгүнкү күндө Нейпьидонун эң чоң өзгөчөлүктөрүнүн бири үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо болуп саналат, бул Мьянманын башка шаарларына мүнөздүү эмес. Ошондой эле борбор 20 тилкелүү унаа жолуна ээ. Бирок көп учурда Нейпьидону "элестердин шаары" деп да аташат, буга борбордун көпчүлүк аймактарында калк жок болгондуктан, бош жер катары көрүнгөнү себеп болгон.
Индонезия
Индонезия борборун 10 миллион калкы бар Жакарта шаарынан толугу менен жаңыдан курулуп жаткан Нусантара шаарына көчүрөт. Бул тууралуу 2019-жылы өлкөнүн ошол учурдагы президенти Жоко Видодо жарыялаган. Ал эми Индонезиянын учурдагы президенти Прабово Субианто борборду көчүрүү 2028-жылы аяктай турганын айтууда.
Башында мегаполистин Калимантан аралында 2024-жылы пайда болушу пландалган. Бул үчүн дээрлик 32 миллиард доллар бөлүнгөн, бирок COVID-19 пандемиясына байланыштуу долбоордун ишке ашуусу токтотулган.
2022-жылдын январь айынын ортосунда өлкө башчысы жаңы борбордун аталышы Нусантара болорун жарыялаган. 2024-жылдын 28-июлунда Жоко Видодо жаңы борборго барып, алгачкы жумуш күндөрүн өткөргөн, бирок 30-июлда кайра Жакартага кайтып келген, ал жерде азыр өкмөт жайгашкан. Прабово Субианто президент болуп шайлангандан кийин Нусантараны курууну бүтүрүүгө умтулуп жатканын жана өзү да жаңы борборго көчүүгө даяр экенин билдирген.
Борборду көчүрүүнүн себептеринин бири — Жакартадагы калктын өтө тыгыздыгы. Ява аралында өлкөнүн калкынын болжол менен 60 пайызы жашайт жана экономикалык ишмердүүлүктүн жарымы ошол жерде жайгашкан. Бул экологиялык кырдаалды да оорлотууда. Ошондой эле Жакарта акырындык менен суу астында калган аймактардын бири болуп бара жатат. Шаарда таза суу жетишсиз, калк негизинен кудуктардан суу алат. Көп санда кудук казуу жердин түшүшүнө алып келүүдө. Бул жагдай татаал климат жана катастрофалык суу ташкын коркунучун күчөтүп жатканы айтылууда.
Египет
Египеттин азыркы борбору Каир шаары дүйнөдөгү эң тыгыз калктуу шаарлардын катарына кирет. Калктын өсүшү ушундай ылдамдыкта уланса, 2050-жылга чейин шаардын калкы 40 миллионго жетиши күтүлүүдө. Ошондуктан өлкө административдик борборду көчүрүү тууралуу ойлорун көп жылдан бери айтылып келүүдө. Бирок практикалык ишке ашыруу 2015-жылы башталган. Египеттин учурдагы президенти Абдул-Фаттах Ас-Сиси бул долбоорду алдыга сүрөп, ага Кытай жардам берип жатат. Жаңы шаардагы калктын саны болжол менен 6 миллион адамды түзөт. Борбордун аты "Жаңы административдик борбор" деп аталат. Бирок азырынча ал расмий түрдө өлкөнүн борбору катары жарыялана элек.
Түштүк Корея
2022-жылы Түштүк Кореянын ошол учурдагы президенти Юн Сок Ёл мамлекеттин борборун азыркы административдик борбор Сеулдан 125 чакырым алыстыкта жайгашкан Сежон шаарына көчүрө турганын убада кылган. Бирок бул долбоор андан мурдагы жылдары, тагыраагы, 2000-жылдардын аягында башталган.
Жаңы борбор Сежондун курулушу 2007-жылы башталган. 2012-жылдан тартып бир катар мамлекеттик мекемелер жана министрликтер ушул жакка көчүрүлгөн. Бирок кийинчерээк саясатчылар бул пландын максатка ылайыктуулугуна шек келтирип, долбоор убактылуу токтотулган.
Борборду көчүрүүнүн негизги себеби — Сеулдагы калктын тыгыздыгы. Азыркы учурда борбордо болжол менен 10 миллиондон ашык адам жашайт. Сежонго көчүү шаарды тартипке келтирүүгө, жол тыгындарын жана абанын булганышын азайтууга жардам берери айтылууда.
Япония
Япониянын расмий борбору императордун жайгашкан жерине жараша өзгөрүп турган. Алсак, 794 жылдан 1868-жылга чейин, тагыраагы, миң жыл бою Киото шаары борбор болуп келген. Бирок 1864-жылы Киотонун чоң бөлүгү өрттөнүп, борбордогу 28 миң үй толугу менен күйүп кеткен.
Андан кийин Японияда Мэйдзи реставрациясы жүрүп, сегун жетектеген самурай башкаруу системасы императордук бийликтин артыкчылыгы үчүн өзгөртүлгөн. Жаңы бийликке келген император Муцухито 1868-жылы борборду Киотодон Эдо шаарына көчүргөн. Эдо шаары кийин Токио деп аталып, "чыгыш борбору" деген маанини түшүндүргөн.
Түштүк Африка Республикасы
Түштүк Африка Республикасында борбордук функциялар өлкөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө жайгашкан бир нече шаарга бөлүнгөн. Алар Претория, Кейптаун жана Блумфонтейн шаарлары болуп эсептелет.
Преторияда (2005-жылы Тсвана деп өзгөртүлгөн) аткаруу бийлиги жайгашкан, анын ичинде өкмөт башчынын резиденциясы бар. Бул шаарда ошондой эле ар кандай өкмөттүк департаменттер жана чет өлкөлүк элчиликтер орун алган.
Экинчи ири шаары – Кейптаун – мыйзам чыгаруу борбору болуп эсептелет. Парламент – Улуттук Ассамблея жана Провинциялар Улуттук Кеңешинин резиденциясы ушул шаарда жайгашкан.
Блумфонтейн сот борбору катары эсептелет. Шаарда Жогорку Апелляциялык Сот жайгашкан. Ал эми Конституциялык Сот (эн жогорку сот) Йоханнесбург шаарында орун алган.
кошулду

